Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

АКШда жаңы президент бийликке киришти


АКШда кечээ өлкөнүн 44-президенти Барак Обаманын бийлик мөөнөтү башталды. Анын ант берүү аземине өлкөнүн бардык аймактарынан, атүгүл дүйнөнүн көп жерлеринен келген бир миллиондон ашуун адам катышты. Алардын алдында Обама президент иретинде биринчи сөзүн сүйлөдү.

Ант берүү жөрөлгөсүнө арналган жыйынды таасирдүү сенаторлордун бири Дайан Файнстайн алып барды жана аземге күбө болгону келген америкалыктар бул күнү “тарыхтын жаңы барагын ачып жатканын” билдирди.

Барак Обама 1861-жылы Авраам Линкольн пайдаланган Библияга колун коюп ант берди. “Мен, Барак Хусейн Обама, Кошмо Штаттарынын президентинин милдетин ак ниет менен аткарганга, күчүмдүн келишинче Кошмо Штаттарынын Конституциясын сактаганга, коргонго жана колдогонго салтанаттуу ант берем”,-деп айтты өлкөнүн 44-президенти.

Андан бир мүнөт мурда вице-президент Жозеф Байден да ант берген эле. Жаңы президенттин бийликке киришкенин билдирип, замбиректен 21 ирет салют атылды.

Барак Обама кызматка киришкен президент катары миллиондогон калк алдында биринчи сөзүн сүйлөдү. Алды менен ал Жорж Бушка “улутка кылган кызматы” үчүн ыраазылык билдирди.

Сөз башында Обама бүгүнтөн тартып “саясатты көпкө чейин муунтуп келген майда таарынычтар, курулай убадалар жана эскирген догмалар артта каларын” белгиледи.

“Биз өтө олуттуу кризистебиз, муну жакшы түшүнөбүз,- деп айтты андан ары Обама.- Өлкө оңой жеңилбес зомбулукка каршы согуш абалында турат. Экономика алсырады. Бул айрым адамдардын ачкөздүгү менен жоопкерсиздигинен болду. Көп кишилер үй-жайын, жумушун, бизнесин жоготту”.

“Биз бүгүн туш келген чалкештиктер өтө олуттуу, алар көп. Бирок биз аларды жеңебиз. Бул оңой жана тез болбойт, бирок билип кой Америка: биз аларды баары бир чечебиз”,-деп айтты Обама.

Азыр маселе – рынок жаманбы же жакшыбы, мында турбаганын айтып, Обама ошол эле учурда “байлык жаратып, эркиндикти кеңейтип жаткан бул күч тийиштүү көзөмөл болбосо таптакыр контролдон чыгып кетерин да азыркы кризис көрсөткөнүн” эстетип өттү.

Эл аралык коопсуздук маселесине кайрылып, президент Обама аны жалаң каруу-күчкө таянып камсыз кылууга болбой турганын, бул үчүн акыл-эстүү аракеттер да керектигин көрсөттү.

“Иракта биз акырындап бийликти жоопкерчилик менен ирактыктардын өзүнө өткөрүп бере баштайбыз жана Ооганстанда чоң кыйынчылыктар менен жетишилген тынчтыкты бекемдейбиз. Эски досторубуз жана мурдагы душмандарыбыз менен биргелешип ядролук коркунучту азайтуу үчүн иштейбиз”.

“Биздин жашоо жолоюбуз үчүн кечирим сурабайбыз. Ал эми бизди террор менен коркуткусу келгендерге айтарыбыз: биздин духубуз күчтүү, биз жеңип чыгабыз, мындан күмөн санабай эле койгула!”- деп эскертти Обама.

Мусулман дүйнөсүнө кайрылып, ага Обама “орток кызыкчылыктарга жана өз ара урматтоого негизденген жаңы жолдо алгалоону” каалады. Президент ошону менен бирге “жаңы жаңжалдарды тутантып же өздөрүнүн ишиндеги кемчиликтерин Батыштан көрүп жаткан бийлик башчыларын өз элдери аларды айткан сөздөрүнө жараша эмес, кылган иштерине жараша, эмнелерди бүлүнткөнүнө карап эмес, эмнелерди курганына карап баалай турганын”, ал эми "коррупция менен алдамчылыктын аркасында бийликке келип жаткан лидерлер тарыхый өнүгүүнүн жаңылыш жолунда баратканын” эске салды.

“Алдыбызда турган чалкештиктер, балким, жаңыдыр. Аларды жеңүү үчүн биз колдоно турган каражаттар да жаңы болушу мүмкүн,- деп улантты президент. - Бирок биздин ийгиликтердин негизин түзгөн асылнарктар – иштермандык жана чынчылдык, батылдык жана жоопкерчилик, лоялдуулук жана жупунулук – жаңы көрүнүш эмес, алар көөнөргүс, бүткүл тарыхтын жүрүшүндө прогресстин күчү болгон, биз ошолорго кайтышыбыз керек”.

Обама расасына, динине, ишенимине карабастан бардык адамдар АКШ деп аталган чоң үй-бүлөнүн мүчөсү боло аларына ишендирди. "Бир кезде ушул өлкөгө келип, алтымыш жыл мурда жада калса ресторанда иштегенге да уруксат алалбай койгон адамдын уулу бүгүн жаңы эле силердин көз алдыңарда АКШнын президенти катары ант берди”,-деп айтты Обама.

Барак Обама президенттик антын берди

XS
SM
MD
LG