Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Үй-бүлөлүк башкаруу турганда кандай кадрдык өзгөрүү болсо да жыйынтык бербейт


Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков бүгүнкү кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди. “Орчундуу учурда жетекчилер өз иштерин так аткара албай, алардын ордуна жаңысын коюп ишти оңдойбуз деген бийликтин акыркы аракеттеринин бири. Азыркыдай шартта биринчи жетекчилер өздөрүн оңдомой сайын бул кызматтарга кимди койбосун эч жыйынтык бербейт”, - дейт Исмаил Исаков. Анын пикиринде, биринчи кезекте президент баш мыйзамдын чыныгы кепили болушу керек, анан структураны, системаны өзгөртүш керек. Саясатчы ошондой эле качан жаңы системага барганда гана бийликте өзгөрүү болоорун, эгерде азыркы система калып, үй-бүлөлүк башкаруу турганда кандай аракет жасалбасын жыйынтык бербестигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG