Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Орусия Грузиядан сержант А. Глуховду бошотууну талап кылды


Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Дробышевскийдин маалыматына ылайык, Глухов Түштүк Осетияда Грузиянын атайын кызматы тарабынан камакка алынып, Тбилисиге алып келинген. Буга чейин Грузиянын сыналгысы сержант Глуховдун билдирүүсүн тараткан эле. Анда орусиялык жоокер Грузиянын президентине кайрылып, өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө кордукка мындан ары чыдай албарын айтып, саясий баш паанек сураган. Грузиянын массалык маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Глухов кызмат өтөгөн бөлүгүнөн качып чыгып, Грузиянын аймагындагы полициянын колуна түшүп берген.

XS
SM
MD
LG