Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

СДП: “Кумтөр” маселесин аныктоого мезгил жетти


Социал-демократтардын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов бүгүн “Кумтөр” ишканасына байланышкан кырдаал боюнча билдирүү таратып, анда Кыргыз өкмөтүн жагдайды иретке келтирүүгө чакырды. Ал эми ишкана жетекчилигин Кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун бардык өңүттөрүн ачып, көмүскө коррупция жок экенине ынандырарлык далилдерди көрсөтүүнү сунуш кылды. Билдирүүдө бул маселеде Кыргыз өкмөтү жана парламентте көпчүлүктү ээлеген “Ак жол” партиясы карама-каршы көз карашты тутунуп, эки жээктин ортосунда турат деп айтылат. Муну 2007-жылкы келишимдин долбоору акырына чыга электиги, бул Кыргызстанды көп пайдадан куру калтырып жаткандыгы менен негиздеген. Биринчиден кандай иш жүрүп жаткандыгы түшүнүксүз, экинчиден, ЖК төрага орун басары аркылуу “Кумтөрдү” мамлекеттин карамагына алуу, соңунан башка инвесторго берүү ыктымалдыгы каралууда. Мунун артында Кыргызстан үчүн кандай тобокелдик бары белгисиз. Мунун бардыгы өкмөттүн чет өлкөлүк инвесторлорго карата так саясаты жогун далилдеп турат деген СДП фракциясы “Кумтөрдүн” тагдырын аныктоого өкмөттү чакырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG