Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

БЭК президенттен кызматтан кетүүсүн талап кылды


Бул тууралуу БЭК бүгүн президент Курманбек Бакиевдин дарегине жолдогон ачык катта айтылат. БЭК анда президентти адам укуктарынын, эркиндиктеринин кепили болбой эле диктатка айланды деп сындаган. “Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилерин саясий куугунтуктоону токтотууну, мыйзамдарды одоно бузуп, үй-бүлөгө кызмат кылган башкы прокурорду, ички иштер министрин, коопсуздук комитетинин төрагасын, Бакай-Ата жана Талас райондорунун акимдерин жумуштан четтетип, мыйзамдын негизинде жоопко тартылуусун, ошону менен бирге, өлкөнү бүгүнкү оор абалга алып келгениңиз үчүн элден кечирим суроону жана баш мыйзамды одоно бузуп, адамдардын жана жарандарын укуктары менен эркиндиктеринин кепили боло албагандыңыз үчүн, Конституциянын 50-беренесинин 1, 2-бөлүгүнүн негизинде мөөнөтүңүздөн мурун кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз” деп айтылат ачык катта.
Буга чейин оппозициянын Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков өңдүү оппозициялык лидерлерге кылмыш иштери козголгон. Мындай жүрүштөрдү куугунтук деп эсептеген оппозиция кечээ президенттин калкка кайрылуусун өз бийлигин бекемдөө максаты деп, кескин сындаган. Президент 27-январда калкка кайрылуу жасап, анда жалпы улуттук кызыкчылыкты алдыга чыгаруу демилгесин көтөргөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG