Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Эртең президент Курманбек Бакиевдин Орусияга иш сапары башталат


Эки күндүк сапар учурунда Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки өлкөнүн катышы, анын ичинде Орусия Кыргызстанга берүүгө ниеттенип жаткан 2 миллиард доллар насыя боюнча сүйлөшөт. Андан тышкары Кыргызстандын Орусияга карызы үчүн “Дастан” ишканасынын акциясынын 48 пайызын жана бул өлкөнүн Бишкектеги элчилиги турган имаратты Орусиянын менчигине берет деген маалымат бар. Кыргызстандагы бир катар депутаттар менен саясатчылар өкмөт бул насыяны алуу менен тышкы карызды эки эсе көбөйтүп,суу-энергетика тармагына Орусиянын ээлик кылышына шарт түзөт деп каршы болуп жатышат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, К.Бакиев 4-февраль күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин сессиясына жана ЕврАзия экономикалык шериктештик уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин мамлект башчылары деңгээлинде өтө турган кезексиз жыйынына катышат.(BD)

XS
SM
MD
LG