Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:02

Барскоондуктар Кумтөрдүн бөлгөн акчасын облустук бийлик кечеңдеткенине нааразы


1998-жылы Барскоон суусуна төгүлгөн цианид айыл-чарба түшүмдөрүн дагы ууландыргандыктан Кумтөр быйыл анын чыгымына 28 млн. сом бөлгөн. Бирок акчаны облус губернаторунун орунбасары Калыбек Алышбаев кечеңдетип атканын “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева маалымдады. Анын айтуусунда, Жети-Өгүз районунун 5 айылынын эли 20 күндөн бери ал акчаны күтүп, ала албагандыктан атайын өкүлдөрү облус бийлигине кайрылганда 10-февралда таратылаары убада болгон. Бирок бул акча дале колго тие электигине нааразылангандар саясий акцияга чыгаарын билдирип атат. Бул маселе боюнча облус губернаторуна кайрылса, Кыдыкбек Исаев фермерлердин тизмесин тактоого убакыт кеткенин жана 28 млн. сом Жети-Өгүз районуна 11-февралда которулганын ырастаган. (RB)

XS
SM
MD
LG