Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Ишкерлер өкмөт менен биргеликте салык саясатын талкуулайт


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү ишкерлердин бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушат. Анда жаңы Салык кодекси, патент төлөмдөрүнө байланыштуу маселелер талкууланат. Быйыл жыл башынан ишке кирген Салык кодексине карата ишкерлер тарабынан бир топ сындар айтылып келатат. Президент Курманбек Бакиев кодекс жок дегенде үч ай иштегенден кийин талдоого алыныш керектигин 11-февралда маалымат жыйынында билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG