Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Президент аскердик база жөнүндө АКШ менен болгон келишимди токтотуу жөнүндө мыйзамга кол койду


Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка караганда, мыйзам кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. АКШнын аскерлерин Кыргызстан аймагынан чыгаруу жөнүндө өкмөттүн чечимин кечээ Кыргызстандын парламенти колдоп чыккан. Эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги авиабазаны чыгаруу жөнүндө кыргыз бийлигинин чечимин Вашингтонго билдириши керек. Ошондон кийин 180 күн аралыгында АКШ “Манас” аба майданындагы аскердик базасын көчүрүп чыгыгып кетүүгө тийиш. (KCh)

XS
SM
MD
LG