Тажикстан мындан ары 8-мартты “Аялдардын Эл аралык Күнү” катары эмес, “Эне Күнү” катары майрамдайт. Жума күнү (6-мартта) өлкө айымдарын куттуктап сүйлөп жатып, тажик президенти Эмомали Рахмон “Аялдардын Эл аралык Күнү” жүз жылдай убакыттан бери эле майрамдалып жатат, ал эми тажиктердин көөнө ата-бабасы саналган байыркы арийлерде энелерге жана жалпы аялзатына сый-урмат көрсөтүп майрамдаган атайын күндөр болгон деп айтты.