Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Далай Лама Кытайдын Тибеттеги зордук-зомбулугун айыптады


"Менимче коммунисттер ар кыл методдорду пайдаланышат, жалган маалымат менен адамдардын башын айлантышат, акча беришет, иштен көтөрмөлөшөт, же кыйнап, уруп-токмоктошот. Бирок Тибеттин руху эч качан сынбайт", - деп сүйлөдү Тибеттин руханий лидери Далай Лама. Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао болсо тибет лидерлерин жикчилдикке каршы турууга чакырды. Андан бир күн мурда өкмөт Тибетке кошумча аскер күчтөрүн тартып келген эле. Бүгүн (10-мартта) Тибеттеги элдик боштондук көтөрүлүшкө 50 жыл болот. 1959-жылы мартта башталган козголоң ырайымсыз басылып,он миңдеген киши кырылган. Тибеттин Далай-лама баштаган өкмөтү Индияга качканга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG