Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бейөкмөт уюмдары ички иштер министри М.Конгантиевдин отставкасын талап кылууда


Мындай мазмундагы кайрылууну бейөкмөт уюмдары бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиевге жолдошту. Анда министр Молдомуса Конгантиев өз милдетин аткара албай жаткандыктан президенттен Башмыйзамдын кепили катары министрди кызмат ордунан четтетүү сунушу камтылган. “Өлкөдө болуп жаткан чулгандуу кылмыштарды “иликтөөнү өз жетекчилигиме алам” дегени менен М.Конгантиев саясатчы, журналисттерге карата кол салуулардын бетин эмгидигиче ачпады. Оппозиция лидерлерин, алардын жакындарын массалык түрдө камакка алуу, аларга кылмыш ишин козгоо орун алып жатат. “Аты-жөнүн тактаган документтерин жок” деген шылтоо менен Бишкек шаардык кабыл алып-бөлүштүрүү жайларына адамдарды мыйзамсыз камоо көбөйдү” деп жазылат кайрылууда. Кайрылууга 20 чакты бейөкмөт уюмдары кол койгон. (EK)

XS
SM
MD
LG