Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Вашингтондо эл аралык экономикалык форум өтөт


Апрелдин соңунда Вашингтондо отун-кубат жана климаттын өзгөрүүсүнө арналган эл аралык экономикалык форум өтөт. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама билдирди. Ак үй тараткан маалыматка ылайык, 27-28-апрел күндөрү өтө турган форумга экономикасы өнүккөн 16 өлкөнүн лидерлери чакырылды. Форум бирдиктүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында климаттын кескин өзгөрүүсү менен күрөштө эл аралык макулдашууларга жетүү максатын көздөйт. Бүгүн (29-мартта) Германиянын Бонн шаарында да 190 өлкөнүн өкүлдөрү климаттын өзгөрүүсүнө түрткү болгон зыяндуу газдарды азайтуу тууралуу сүйлөшүүдө.

 

XS
SM
MD
LG