Тийиштүү документке бүгүн саат 14:00 Акыйкатчынын кеңесесинде кол коюлат. Ага ылайык БУУнун Өнүктүрүү программасы Акыйкатчынын аппаратына 820 миң доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов билдирди. Маалыматка караганда, бөлүнгөн каражат Акыйкатчы институтутун компьютердик техника менен жабдуу, интернет менен туташтыруу жана кадрларды окутуу үчүн жумшалат.(AiT)