Бул тууралуу анын жактоочусу Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1-майдан баштап БЭК жер жерлерде нааразылык акцияларын баштайт. Кечээ Бириккен Элдик Кыймылдын саясий кеңеши УКМКнын абагында кармалып турган Э.Бүлекбаев, С.Аргымбаев, У.Рыскулов, Т.Мадылбеков, Н.Талканбаев жана аларга кошуп Аликбек Жекшенкуловду бир күндүн ичинде бошотуу талабын бийликке койгон. Эгерде ал талап аткарылбаса 1-майдан тарта Москва жана Ысык-Ата райондорунда мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталарын билдиришкен. (AJ)