Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Мубарактын артынан экс-министр да сурак берүүдө


Египеттин мурдакы ички иштер министри Хабиб Адли 26-апрелде Каирде сурак берди. Экс-министр мурдакы президент Хосни Мубарактын бийлигине каршы көтөрүлгөн элге ок атууну буйруган жана демонстрациянын алгачкы күндөрү полициянын Каирдин коопсуздугун камсыздаганы көчөгө чыкпаганы үчүн жооптуу деп күнөөлөнүүдө. Өкмөттүк MENA агенттигинин кабарлашынча, Адли менен кошо анын алты жардамчысы да айыпталууда. Ырасмий маалыматтар боюнча, Мубаракты 11-февралда бийликтен кетирүү менен аяктаган 18 күндүк элдик козголуш учурунда 846 адам окко учуп, миңдеген адамдар жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG