Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Аба ырайы: шашылыш кабар


28-30-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

28-апрелде кээ бир аймактарда жаан жаап күн күркүрөйт, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Чүй менен Таластын бир топ жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылуу.

Бишкекте 28-апрелде өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9... 11, күндүз 19... 21 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG