Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматкери Кымбатбек Мусаев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, азыркы тапта кыргызстандык дыйкандардын колунда 25 миң 130 тоннадан ашык дизелдик отун бар. Бул жазгы айдап себүү иштерине керектелүүчү күйүүчү майдын 62,5 пайызын түзүп жатат. Калган күйүүчү май алдыңкы айда Орусиядан келери күтүлүүдө. Кыргызстанга жазгы айдап себүү иштери үчүн жалпысынан 40 миң тоннадан ашык күйүүчү май керектелет. (KKs)