Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош шаарында миграция маселелери боюнча эл аралык жыйында 2010-жылга карата 240 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын билдирди. Алар жумушка оңойураак орношуу үчүн ушундай кадамга барып жатканын айтты. Өкмөт башчы Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе мигранттардын түйшүгү кыйла жеңилдерин дагы бир жолу белгиледи. Азыр Ош шаарында миграция жаатында кыргыз-орус кызматташтыгына арналган жыйын өтүп жатат. Ага орус тараптан президент Дмитрий Медведевдин администрациясынын өкүлү Сергей Винокуров баштаган топ катышууда. (EBM)