Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия корутундусун жарыялоо алдында


Өткөн жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия 3-майда “Кабар” агенттигинде корутундусун жарыялайт. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнен “Азаттыкка” билдирген. Буга чейин комиссиянын корутундусу делген маалыматтар жергиликтүү интернет булактарына жарыяланып кеткен. Комиссия бул маалыматтар алардын корутундусу эместигин билдирип келүүдө.

Жыл башында июнь коогалаңын иликтеген улуттук комиссия корутундусун жарыялаган. Парламент түзүлгөндөн кийин куралган депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жакын арада коомчулукка билдиргени турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG