Анда БЭКтин буга чейин жасаган иштерине анализ жасалып, мындан кийинки милдеттер аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, чечимге ылайык 20-майда Жалал-Абадда Дооронбек Садырбаевди эскерүү күнүн өткөрмөй болушту. Андан кийин 31-майда Ысык-Көлдө БЭКтин кезектеги курултайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Ага Бишкек, Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынан делегаттар чакырылып, БЭКтин алдындагы максаты жана президенттик шайлоого катышуу маселеси талкууланат.(BD)