Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

КСДП: “114” тууралуу маалымат жалган


КСДПнын катчылыгы Кара-Суу районунда социал-демократтардын 114 мүчөсү “Ак-Жол” партиясына өтөт качканы жөнүндө маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты.

“Биздин жергиликтүү партуюмдарыбыздын маалыматы боюнча Кара-Суу районундагы Акташ айылында биздин партиянын 14 мүчөсүнөн бийликтин аларга кысымынан, райондо ар кандай кызматтарды ээлеп турган жакын туугандарына көрсөткөн кысымынан КСДПда мүчөлүгүн токтото туруу жөнүндө арыз түшкөн. Балким, ошол үчүн аларга “Ак-Жол” партиясына мүчөлүккө орун даярдашкандыр? Азыркы бийлик алдамчылык, апыртуу менен гана кызматта калууга аракеттенген шылуундардын бүтүндөй топторун өзүнө тартып алган чыгар. Биздин жергиликтүү партуюмдарыбыздын маалыматы боюнча жылдын башынан бери Кара-Суу районундагы Акташ айылында биздин партиянын 14 мүчөсүнөн үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу деген себеп менен КСДПда мүчөлүгүн токтото туруу жөнүндө арыз түшкөн. Иш жүзүндө мында негизги жүйөө - бийликтин аларга, алардын райондо, облуста ар кандай кызматтарды ээлеп турган жакын туугандарына көрсөткөн кысымдары, жер участокторун алууга жасалган тоскоолдуктар болгону жашыруун эмес",-деп айтылууда билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG