Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

БЭКтин жооптуу катчысы үч күндөн бери дайынсыз


Мындай маалыматты БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөлөрү "Азаттыкка" кабарлашты. БЭКтин саясий кеңеши бүгүн жыйын куруп, Түп районунда болгон окуя жана төртүнчү курултайды болтурбоо үчүн жасалган аракеттерди өз ара талкуулашып, анын жыйынтыгы тууралуу расмий билдирүүнү кыймылдын жооптуу катчысы Асанбек Сарыбаевдин дайыны табылгандан кийин жарыялоо чечимине келишти. Анткени курултайды өткөрүүгө милдеттүү болгон жооптуу катчы Асанбек Сарыбаев 30-майдан бери табылбай жатат. Азимбек Бекназаровдун айтымында, анын дайыны туугандарына, бийлик өкүлдөрүнө да белгисиз болуп жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG