Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

К. Бакиев: Арпа, Аксай жайлоолору Кытайга ижарага берилбейт


Президент Курманбек Бакиев бул тууралуу бүгүн Нарында Ат-Башы районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Аталган жайлоолор Кытайга узак мөөнөткө ижарага берилип жатат, ушундан улам Торугарт бажы посту башка жакка которулууда, деген сөздөрдү четке какты. Бул пост жашоо-шарттын катаалдыгынын башка жакка көчүрүлгөнүн айтты. Жолугушууда президент Кыргызстан экологиялык жактан таза азык-түлүктү өндүрүп, аларды экспортко чыгара алаарын, Нарында бул үчүн бардык шарттар бар экенин, ошондуктан жерди натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG