Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Түндүк Корея америкалык эки журналисти он эки жылга эмгек-түзөтүү колониясына кести


Түндүк Кореянын Жогорку соту америкалык эки аял журналистке мына ушундай өкүм чыгарганын бүгүн өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлады. Анын билдирүүсүндө сот журналисттеди “ өлкөгө каршы оор кылмыш жасады” деп тапканы белгиленет. Бирок журналисттер жасаган кылмыштын чоо –жайы чечмеленбейт.

Америкалык Current TV телеканалы үчүн иштеген журналисттер Лора Лин менен Юна Ли быйыл март айында Кытай менен Түндүк Кореянын чек арасында, качкындар жөнүндө берүүсү үчүн материал жыйнап жүргөн кезинде камакка алынышкан.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ журналистерге тагылып жаткан айып негизсиз экенин белгилеп, Түндүк Корея аларды бошотуусу керектигин айткан.

Клинтон ошондой эле АКШ Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү караштырып жатканын эскертти. Пхеньян бул тизмеден былтыр октябрда эле чыгарылган.

XS
SM
MD
LG