Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Орусия кредит транштарынын өлчөмүн тактоодо


Камбарата ГЭСинин курулушуна Орусия бере турган кредиттин транштарынын өлчөмү такталып атат. Бул тууралуу премьер министр Игорь Чудинов менен Орусиянын Энергетика министри Сергей Шматко менен болгон Москвадагы жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Чудинов Москвага кечээ ЕврАзЭждин жыйынына катышуу үчүн барган. Премьер жыйындын алкагында Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен да жолугаары маалымдалган. Бул боюнча кошумча маалымат таратыла элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG