Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

АКШ президенти Барак Обама Ливандын президентин куттуктады


АКШ президенти Барак Обама Ливандын президенти Мишел Сулейман менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Ак үйдүн маалыматына караганда, Обама өз сөзүндө шайлоонун тынч өтүүсүн камсыз кылган Ливандын Ички иштер министрлигине жана Коопсуздук кызматына жогорку баа берген. Сүйлөшүү маалында Обама АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын чабарманы Жорж Митчелл 12-июнда Ливанга иш сапары менен барарын айтты. 7-июнда Ливанда өткөн парламенттик шайлоодо Батыш колдогон Саад Хариринин коалициясы көпчүлүк добушка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG