Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Пьер Морель: ГЭСтер боюнча сөзүмдү пропаганда катары пайдаланганга каршымын


Европа Биримдигинин Борбор Азия региону боюнча өкүлү Пьер Морель 24-июнда премьер-министр Игорь Чудинов менен жолугушту. Анда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташуусу, Ооганстан маселеси, ошондой эле Кыргызстандагы президенттик шайлоо темалары тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Игорь Чудиновдун басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жолугушууда ГЭСтерди курууга байланыштуу да сөз болуп, Пьер Морель анын ири ГЭСтер курулуу алдында эл аралык экспертизадан өтүш керек деген сөзүн кээ бир мамлекеттер тарабынан пропаганда катары пайдаланылып жатканына нааразылыгын билдирген. Ал Европа Биримдиги региондогу бардык мамлекеттер менен тең шартта кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG