Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

"Манастагы" АКШ базасы эми транзиттик борборго айланганы калды


“Манас” аба майданында АКШнын транзиттик борборун ачууга байланышкан маселе коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Айрым саясатчылар кыргыз бийлиги бул келишимди түзүүгө өз демилгеси менен барбаганын айтышса, дагы бирлери жаңы келишим түзүү менен Кыргызстан чоң утушка ээ болоорун белгилешүүдө.

АКШ жана Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосунда 22-июнда түзүлгөн келишимдин өлкө үчүн экономикалык жана коопсуздук жактан кызыкчылыгы бар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев парламент депутаттарынын алдында билдирген:

-Кыргыз өкмөтү Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жүргүзүлүп жаткан операцияларга пайдаланылуучу транзиттик борборду “Манас” аэропортунун аймагына орнотуу боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишимге кол кою тууралуу чечим кабыл алган. Бул келишимдин негизги максаты - Ооган өкмөтүнө коопсуздук жагынан жардамдашуу, ошондой эле келишимде Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдалуу жактары бар, мурда ижара акысы үчүн 17 млн. доллар төлөнүп келсе, эми 60 млн. доллар төлөнөт.

Мына ошентип көптөн бери коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кетет-кетпейт деп айтылып келе жаткан базанын тагдыры чечилди. Экономикалык жагын эске албаганда келишимде негизинен өзгөрүү жок, дешет айрым саясатчылар. АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасынын аскерлерине кандай макам берилген болсо, бул жолку келишимде да ал өзгөргөн эмес. “Манас” аба майданынан орун алуучу АКШнын аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташууга арналган транзиттик-логистикалык борбордун персоналдары да Вена конвенциясына ылайык дипломаттык макамга ээ. Белгилүү болгондой, антитеррордук күчтөрдүн аскердик аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талаптары коюлган учурда коалиция аскерлерин кыргызстандык жарандар менен катар жоопко тартуу талабы коюлуп келген.

Социал-демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов бул жолку келишимде буга карата эч кандай өзгөрүү болбогону – кыргыз бийлигин жарандарынын кызыкчылыгы эмес, убактылуу каржы кызыктырып атканын көрсөтүп атат деп эсептейт:

- Биздин жарандардын өлүшү бийликти күйдүрбөйт да, кызыктырбайт. Сиздер билесиздер базаны чыксын, деп кыйкырып жаткан чакта Алексей Ивановдун өлүмүн бир чоң окуя кылып алып чыгышкан. Бүгүн болсо базанын персоналдарына берилген укук ошол эле. Эч кандай өзгөрүү жок.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов февраль айында базанын чыгарылышына каршы добуш берген бирден-бир депутаттардын бири болгон, ал азыр да ошол позициясынан жанбай турганын билдирди.

Ооганстандагы кырдаал турукташты, ошондуктан, эми АКШ баштаган антитеррордук күчтөр Кыргызстандан чыгып кете берсе болот, деген кыргыз өкмөтүнүн чечимин президент Бакиев 3-февралда Москвада жарыялаган. Ошондо эле бул чечимдин артында Орусия турат деген пикирлер айтыла баштаган.

Кечээтен бери Америка-Кыргызстан өкмөттөрү түзгөн келишимдин артында эң ириде Орусия менен АКШнын макулдашуусу бар деген пикирлер айтылып жатат. Кандай болгон күндө да аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу транзиттик борбор катары АКШ күчтөрүнүн өлкө аймагында кала беришинен Кыргызстан чоң утушка ээ болду, дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

- Бизге жакшы болгону каржылык маселелерден мурда да Кыргызстан геосаясий туруктуулукту сактап калууга мүмкүнчүлүк алып атат. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, мына база кетет дегенден бери Кыргызстанга муштумун кезебеген эч ким калган жок кошуна мамлекеттерден. Азыр эми база боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат дегенден берки абалдын өзгөрүп жатканын да көрүп турасыздар. Ошондуктан, өкмөттүн бул чечими – туура чечим.

Ошентсе да дүйнө жүзү терроризмге каршы күрөшүп жаткан чакта акча үчүн Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга пайдаланылып жаткан коалициялык күчтөрдүн базасын кет деп айтышы Кыргызстанды эл аралык коомчулук алдында сындырды, деген ойлор да бар. Ушул тапта Европада бозгунда жүргөн кыргызстандык саясатчы Эдил Байсалов кыргыз бийлигинин эртең менен бирди айтып, түштөн кийин башканы сүйлөгөнү эл аралык деңгээлде аброй алып келбейт, деген пикирде:

- Ооганстанга жакын, коопсуздугу күч болуп турган Кыргызстан мурдун чүйрүп, антитеррордук күчтөрдөн дагы акча талап кылганыбыз биздин өлкөгө жакшы аброй алып келген жок. Эл аралык коомчулук Ооганстанда террорчулукка карщы операцияларды жүргүзүп жаткан соң, Кыргызстан ага да артын салбашы керек эле. Азыркы бийликке акча эле керек болгону, баары бир аягында чечимин өзгөртүп, базаны калтырат, деген ойлор башында эле элде бар эле. Мен үчүн эң эле шылдың болуучулар –“Акжолчу” депутаттар, өкмөттүк маалымат каражаттары февралда “база кетсин!” деп кыйкырып чыгышты эле. Эми кайра Ак үй эмне десе ошону айтып отурганы өтө шылдың боло турган, уят иш болуп атат.

“Манас” аэропортунда АКШнын транзиттик-логистикалык базасын ачуу боюнча эки тараптуу келишимдерди ратификациялоо маселесин парламенттин Коммунисттер фракциясы менен “Ак жол” фракциясы кечээ кечке жуук жабык эшик артында карады. Натыйжада Коммунисттер фракциясы бул келишим боюнча бир жактуу пикирге келе алган жок, фракциянын башчысы И. Масалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча коммунист депутаттар бүгүн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин маалыматын уккандан кийин, бир бүтүм чыгарышат. Ал эми “Ак жол” фракция АКШ-Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы транзиттик борбор тууралуу келишимди колдоп беришти. Социал-демократтар фракциясы азырынча карай элек. Бүгүн бул маселе парламенттин жалпы отурумунда каралмакчы.
АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG