Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Башпрокуратура Тажикистандагы жаранын кайтарып алууга ниеттенип жатат


Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн офицери, полковник Мухаммади Салимзоданы Тажикстандын соту 6-майда 29 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Ага тыңчылык кылган жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып тагылган. Айыпталуучунун туугандары менен айрым талдоочулар М.Салимзодага жалган айып тагылган жана анын тагдырына кыргыз бийлиги кайдыгер мамиле кылууда деп сындап келишет. 21-июнда Башкы прокуратура Тажикистанга Мухаммади Салимзодага каршы козголгон кылмыш иштери боюнча документтерди сурап кайрылган. Азырынча тажик тараптан бул туурасында жооп келе элек. (EK)

XS
SM
MD
LG