Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

И.Сечиндин сырдуу сапары


Шейшемби күнү Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин Кыргызстанга келип кетти. Президенттин маалымат кызматы Игорь Сечиндин президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу болгонун ырастап, бирок жолугушууда кандай маселелер талкууланганы тууралуу кабарсыз экенин билдирүүдө. Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда,Игорь Сечин Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун коштоосунда келген. Делегациянын курамында ар түрдүү тармактын кызматкерлери, адистери болгон. Алар Бишкекте кыргыз жетекчилиги менен Ош же Баткенде орус аскердик базасын ачуу, Таш-Көмүрдөгү жарым кремний чыгаруучу заводду биргелешип иштетүү маселелерин талкуулашы ыктымал. (AiT)

XS
SM
MD
LG