Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Иран Батыш менен сүйлөшүүгө даярданууда


Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки Италияда өткөн “чоң сегиздин” саммитинде дүйнөлүк лидерлер Иран боюнча “эч бир жаңы сунуш” айта алышпады деди. Ал билдиргендей, Тегеран азыр дүйнөнүн ири мамлекеттери менен сүйлөшүнүн темаларын тактап жатат. Алардын арасында Ирандын өзөктүк энергия боюнча программасы да бар. Буга чейин Барак Обама “Иранда атомдук энергия боюнча сүйлөшүүнү баштоо үчүн сентябрга чейин эле убактысы бар, андан кечиксе кесепети начар болот” деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG