Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Барак Обама: Африкалыктар өздөрүнүн келечеги үчүн жооптуу


Бүгүн Африкадагы Гана мамлекетине барган Обама өз сөзүндө Батыш Африкага берип жаткан каржылык колдоону туура пайдаланыш керектигин да айтты. Ал, ошондой эле, демократияны жайылтуу зарылдыгын белгиледи. Гананын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Обама Африканын өнүгүшүнө коррупция жана түрдүү конфликттер тоскоолдук кылып жатат деди. АКШнын алгачкы афроамерикалык президенти Барак обама мамлекет башчы катары Африкага сапарын Ганадан баштаганын бул мамлекет аймактагы башка өлкөлөргө үлгү болчудай көрсөткүчтөргө ээ экени менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG