Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Ооганстанда НАТОнун үч жоокери мерт кетти


Ооганстандын Гилменд вилайетинде жарылуудан эки америкалык жана бир британ жоокери набыт болду. НАТО командачылыгы жоокерлердин аты-жөнүн ачыктай элек. Ушул күндөрү америкалык жоокерлер Гилменд вилайетинде талиптерге каршы 2001-жылдан берки ири аскердик операцияны өткөрүшүүдө. Ага төрт миңге жакын жоокер катышууда. Ооганстанда соңку кездери коопсуздук жагдайы өтө курчуду. Ушул айда Ооганстанда каза болгон чет элдик аскерлер саны - 2001-жылы талиптерге каршы согуш башталгандан берки эң жогорку чекке жетти.

XS
SM
MD
LG