Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Обама: Ооган согушу оор болот


Барак Обама америкалык согуш ветерандары менен жолугушууда, 17-август, 2009
Барак Обама америкалык согуш ветерандары менен жолугушууда, 17-август, 2009

Б.Обама согуш ветерандары менен жолугушуп, “Ооганстанда талиптерге каршы күрөш оңой болбойт, узакка созулат, бирок америкалыктарды теракттардан коргош үчүн аны улантыш зарыл” деди.

АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушууга согуштун ветерандары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп, беш миңдей адам чогулду. Бу жолугушуу Ооганстандагы президенттик шайлоого бир нече күн калганда өтүп жатат.

Обама өз сөзүндө “Ооганстандагы козголоң кечээ эле пайда боло калган жок жана эртең эле басылып калбайт” деп, бул күрөш тез бүтпөйт, жеңил болбойт деген ойду айтты.

Колдоого муктаж саясат

Ошентип, ал Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жиберүү тууралуу өзүнүн планын дагы бир ирет жактап, “анын администрациясында конкреттүү максаты, планы бар экенин, бул “Аль-Каида” менен анын союздаштарын куралсыздандырып, жеңип, жок кылуу” экенин белгиледи.

Шайлоо алдынан ахыбал начар. Бүгүн Кабулдагы жардырууда жарадар болгондордун арасында жаш балдар да болду, 18-август, 2009
“Биз бир нерсени жаадыбыздан чыгарбашыбыз керек: Биз согушкубуз келгени үчүн эле ушуга барып жаткан жокбуз, бул – зарылдыктан чыккан күрөш, - деди Обама. - 2001-жылдын 11-сентябрында Америкага кол салгандар анысын кайра кайталаганга даярданып жатышат. Наавада биз талиптерге азыр көңүл бурбай эле тек коюп койсок, Ооганстан “Ал-Каида” башпаанек кыла турган аймакка айланат да, алар ошояктан туруп алып, америкалыктарды өлтүрүүнүн жолдорун пландаштыра баштайт. Ошондуктан муну жаш баланын оюнундай көрбөй, биздин элди коргош үчүн көрүлүп жаткан өтө зарыл чара деп билиш керек”.

Биз согушкубуз келгени үчүн ушуга барып жаткан жокбуз, бул – зарылдыктан чыккан согуш
Обама январда Ак Үйгө келгенден кийин Ооганстанга кошумча 21 миң аскер жиберүүнү буйруду. Жалпысынан ал жакта америкалык аскерлердин саны 62 миңге жеткен. Жакынкы айларда алардын саны 68 миңге жетип, жарым жыл мурдагыга караганда, эки эсеге жогорулайт. Айрым аналитиктер америкалык командачылык муну да аз деп, дагы сурашы мүмкүн, анан Вашингтон ага макул болот дешет.

Социологиялык иликтөөлөргө караганда, америкалыктар арасында ооган согушун колдогондор да азайып кетти. Ирактагы согушка нааразылык андан да жогору. Ошондуктан дүйшөмбүдөгү жолугушууда да Барак Обама Ирактагы аскерлер буга чейин белгиленген мезгилге чейин өлкөдөн бүт чыгарыла турганын дагы бир ирет бышыктады.

Ооганстанда шайлоо алдынан коопсуздук абалы начарлап кеткен. 15-августта НАТОнун базасынын жанында жардыруудан жети адам набыт болду, 100дөй киши жаракат алды. Буерде өлгөн британ аскерлеринин саны 200дөн ашты. Өткөн айдын өзүндө эле 44 америкалык аскер курман болду.

Ооган шайлоосу - АКШ үчүн чоң сыноо

Обама бирок азыр аскерлер талиптерди жеңиш үчүн керектүү бүт нерсе менен камсыз болуп, күрөшүүнүн жолдорун да өзгөртүп атышканын айтты. Анан ушул төртүнчү күнү өтө турган президенттик шайлоодо да америкалык жана НАТО аскерлери маанилүү роль ойнойт деди.

Эларалык аскер күчтөрү талиптерге каршы күрөшүп эле тим болбой, жергиликтүү элди коргошуу лаазым экени айтылды
“Акыркы апталарда биздин аскерлер өздөрүнүн милдетин жакшы аткарышканын көрдүк: Алар айылдарга кирип, жылдар бою талиптердин үстөмдүгүнөн арыла албай келген жерлерде талиптер менен атышып келишти, - деп сөзүн улады АКШнын президенти Барак Обама. - Азыр эми алар жаңы тактикага өтүштү: экстремисттер менен террористтерди өлтүрүп койгон жетиштүү эмес, биз ооган элин да коргоп, алардын турмушун жакшыртууга да жардам беришибиз керек. Азыр эми ооган эли шайлоого катышып, өздөрүнүн келечегин тандап алышы үчүн биздин аскерлер шайлоо бекеттерин коргоп турушмакчы”.

Ооганстандын тарыхында экинчи жолу 20-августта президенттик шайлоо өтөт. Анда 17 миллиондой адам добуш берет. Алдыда азыркы президент Хамид Карзай турганы айтылганы менен, мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла Абдулла да жеңилгиси жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG