Бул тууралуу “Азаттыкка” Ч.Айтматов атындагы тасма үйүнөн кабарлашты. Бүгүн ачылып жаткан тасмалар декадасында Кыргызстанда эгемендик мезгилинде тартылган эң мыкты көркөм тасмалар көрсөтүлмөкчү. Тасма үйү менен улуттук киностудиясында 29-августка чейин көпчүлүккө белгилүү болуп калган “Айыл өкмөтү”, “Белгисиз маршрут”, “Боз салкын”, “Кара кыз”, “Аталар керээзи” сыяктуу көркөм тасмалар көрсөтүлмөкчү. (IJz)