Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Казакстанда адам укугун коргоочунун соту уланууда


Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Евгений Жовтис адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталып жатат. Ал быйыл 26-июлда Алматы –Караой кан жолунда отуз беш жаштагы бир тургунду коюп алган эле. Адам укугун коргоочу уюмдардын ишениминде, бул иш эми Жовтистин кесиптик ишмердигине кысым көргөзүү үчүн кодонулат. “Хьюман Райтс Уочт” уюму казак бийликтерин сот ишин саясий максаттарда пайдаланууга жол бербөөгө, сот жараянынын адилет өтүүсүн камсыздоого чакырды. Сот жараяны Алматы облусунун Баканас шаарчасында кечээ башталды. Жовтистин адвокаты Виталий Вороновдун “Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиргенине караганда, кечээ адвокаттын бир нече өтүнүчү сот жараянында төрагалык кылган судья тарабынан четке кагылгандыктан, алар судьяны алмаштыруу маселесин көтөрүштү. Ал эми айыпкер Жовтис адвокаттын өтүнүчтөрү орундалмайынча сотто көрсөтмө бербөө укугун пайдаланууда.

XS
SM
MD
LG