Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Э.Бөлөкбаевди судья сот отурумунан чыгарды


Бүгүн судья Марлес Феликс Петровка окуясы боюнча соттук отурумдан айыпталып жаткан Эркин Бөлөкбаевди анын өзүнүн өтүнүчү менен аны сот залынан чыгарып жиберди. Бул тууралуу Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, судья өзү кылмыш ишин тыкат окуган эмес, жабырлануучулардын бардыгын кылмыш иши менен тааныштырбаган. “Мен чындыкты айтып, судьянын мыйзамды бузуп, уятсыз сот жүргүзүп жатканынан улам, соттук отурумдан чыгарып жиберүү өтүнүчүмдү судья канаатандырып, мени чыгарып жиберүү боюнча чечим чыгарды”,-дейт Бөлөкбаев. “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскулов апрель айындагы Петровка айылындагы окуяга байланыштуу беш айдан бери камакта жатышат. Петровка окуясы боюнча сот жараяны дүйшөмбү күнү (5-октябрда) улантыла турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG