Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:59

К.Бакиев КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышууда


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кишинев шаарына келди. Республика Ордосунун биринчи кабатында мамлекет башчысын Молдова республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Молдова республикасынын парламентинин төрагасы Михай Гимпу менен КМШнын аткаруучу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев тосуп алышты. Учурда президент КМШ Өлкө башчыларынын кеңешинин чакан курамдагы отурумунун ишине катышууда. Жалпысы болуп саммиттин күн тартибине 22 маселе киргизилген. Негизги маселелер: гуманитардык тармакта кызматташуу, коопсуздук маселесин камсыз кылуу, дүйнөлүк каржы-экономикалык кризис жана шериктеш өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташуулары болмокчу. Кишинев саммитине Борбор Азия мамлекеттеринен Кыргызстан президенти гана катышып, башка президенттер катышпай турганы буга чейин кабарланган.(AzK)

XS
SM
MD
LG