Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, буга чейинки соттук териштирүүдө бир катар жабырлануучулар суралган. Жыйырмага чукул жабырлануучулардын бирөөсү дагы “Петровка жаңжалын уюштурган” делип камакка алынган Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловго каршы көрсөтмө бершкен эмес. Ал эми соттолуучулар менен алардын адвокаттары 20-октябрда өтө турган соттук териштирүүгө күбө катары президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөновду, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди чакырууну сунушташкан.
Эскерте кетсек, 26-апрелде Чүйдүн Петровка айылында төрт жашар кызды зордуктады делген күрт улутундагы жарандын жазасыз жүрүшүнө кыжырланган жергиликтүү кыргыз-орус улутундагы эл, күрт улутундагылардын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Ички иштер министрлиги буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, улуттар аралык араздашууну, тополоңду уюштурган деген негизде “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, “Болуш” ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаевди жана укук коргоочу Уран Рыскуловду камакка алган. (IJz)