Батыштагы Фарах провинциясында өткөн түнү айыпкерлер түрмөнүн түбү менен казган өткөөл аркылуу сыртка чыгышкан. Провинциянын полиция башчысына ылайык, алар катардагы талибдер, баңги аткезчилери жана майда кылмышкерлер болду. Колго түшкөн бир айыпкер өткөөлдү 10 күн казышканын, максат түрмөдөгүлөрдү бүт түнү менен качыруу болгондугун билдирди. Анын айтымында, 80 кишиге эсептелинген түрмөдө азыр 300дөн ашык киши кармалат