Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Бишкекте коомдук тартипти сактоо күчөтүлөт


Шаардык ички иштер башкармасынын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Улан Рыспековдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда "Көчө" деген ат менен оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар көрүлө баштады. Мындай аракет жаңы жыл майрамдарын утурлай кылмыштуулукту алдын алуу максатынды уюштурулуп жатат. “Майрамдарга карата шаарда эл жыш болот. Региондордон келет. Биздин жургүзгөн анализдерге караганда ушул учурларга кылмыштар, өзгөчө тоноочулук күчөйт”,-дейт ал. Профилактикалык иштер 3 баскычта 4-декабрдан 27-декабарга чейин жүргузүлөт. Бул убакыт аралыгында көчөдөгү милиция кызматкерлеринин саны көбөйтүлүп, өзгөчө түн ичинде коомдук тартипти сактоо күчөтүлөт. Өзгөчө жаштар, өспүрүмдөр көп жүргөн жерлер көзөмөлгө алынып, Бишкек шаарынын милициясы сода түйүндөрүндө, базарларда, мейманканаларда, окуу жайларда жана туристтик базаларда паспорттук-виза текшерүүлөрүн жүргүзүшөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG