Бүгүн вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова Улуттук филармонияда Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин 20 жылдыгына арналган салтанатка катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Парламент депутаты Роман Шиндин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 миңдей корей улутундагылар жашайт. 1937-жылы 170 миң этникалык корейлер Ыраакы Чыгыштан Борбор Азияга күч менен депортацияланган. (AJ)