Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Ачкачылык Алайдын Бүлөлү айлында да жүрүп жатат


И. Исаковду коргоо комитетинен “Азаттыкка” маалымдашканы боюнча бүгүн Бүлөлү айылында генералды боштондукка чыгаруу талабы менен 4 киши саясий ачкачылык акциясына кошулушту. “Саясий камактагыларды коргоо комитетинин” маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө чейин ачкачылык акциясына катышкандардын жалпы саны 37ге жетти. Бүгүн иш-чарага Токмок, Кара-Көл шаарларынан да өкүлдөр келип кошулган. Бишкектеги ачкачылык иш-чарасына учурда 12 киши катышууда.

Саясий камактагылардын боштондугун талап кылган ачкачылык акциясы 13-январда башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG