Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Иракта жанкечтинин бүгүнкү жардыруусунан 41 зыяратчы каза тапты


Коопсуздукту тейлеген расмий өкүлдөрдүн айтымында, аял жанкечти өзүн Багдаддын чет жакасында, шийит зыяратчылар арасында жардырып жиберген. Андан 41 адам каза тапкандан тышкары, 106 киши да жаракат алды. Зыяратчылар Багдаддан 80 чакырымдай аралыкта жайгашкан Кербала шаарына, Арбаин деп аталган диний жөрөлгөгө бара жатышкан эле. Бул диний жөрөлгө учурунда шийиттер Мухаммед пайгамбардын жетинчи кылымда, Кербаладагы салгылашта курман болгон небереси Хусеиндин кыркын белгилешет. Мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин доорунда шийиттердин диний жөрөлгөлөрүнө тыюу салынып келинген.

XS
SM
MD
LG