Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

И.Исаковду колдоочулар ачкачылык акциясын улантууда


Ушу тапта Бишкекте ачкачылык акциясында 7 адам отурат. Бул тууралуу ачкачылык жарыялагандардын бири Анара Жунушева “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев бийлик өкүлдөрүнөн ачкачылык акциясына чыккандардын коюп жаткан талаптарына, алардын абалына көңүл бурбаганын айтты.
Буга чейин Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү акциянын катышуучуларынын абалы менен таанышып кеткен.
Исмаил Исаковду камактан бошотуу жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен башталган ачкачылык акциясына бүгүн 20 күн болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG