Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Украина: шайлоо кимдин багын ачат?


7-февралда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча “Региондор” партиясынын лидери Виктор Янукович алдыда баратат. “Азаттык” шайлоого Кыргызстандан байкоочу болуп барган Жанарбек Акаев менен байланышты.

- Добуш берүүнүн аякташы менен саясий кырдаал өзгөрдүбү? Элдин маанайы кандай?

Жанарбек Акаев: Жок, саясий кырдаал эч курчуган жок. Мен жүргөн Донецк калаасында шайлоо тынч мүнөздө өткөнү айтылууда. Себеби Донецк облусу “Региондор” партиясынын лидери В.Януковичтин мекени болгондуктан эл шайлоого абдан жигердүү катышты.

Экинчиден, бул аймактын эли Януковичтин президент болуп шайланышына ишенимдери көп болгону байкалат. Азырынча кырдаал тынч.

- Кечээ талапкерлердин бири Ю.Тимошенко эгерде Янукович шайлоонун жыйынтыктарын бурмалай турган болсо, дагы бир жолу “саргылтым ыңкылап” жасай турганын эскертти. Сиздин баамыңызда, “саргылтым ыңкылап” кайталанышы мүмкүнбү?

Жанарбек Акаев: Азыр Чыгыш Украина жана Батыш Украина болуп эки аймак эки талапкерди колдоп аткандыктан, Чыгыш Украинанын калкынын 30 пайызын орус улутундагылар түзгөндүктөн булар Тимошенконун билдирүүсүн кескин сындашып, эч кандай нааразылык акциясына чыкпай тургандыктарын айтышып, анын билдирүүсү эч кандай колдоо таппаарын белгилешти.
Азыр Чыгыш Украина жана Батыш Украина болуп эки аймак эки талапкерди колдоп атат.


- Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар орун алып, шайлоочулардын, же байкоочулардын нааразылыктары болдубу?

Жанарбек Акаев: Жок, эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганы айтылууда. Биринчи айлампада өзгөчө “Региондор” партиясынын нааразылыгын жараткан Грузиядан келген көп сандагы адамдар бул жолу көрүнгөн жок. Кыргызстандан келген байкоочулар бул жакта мурда күтүлгөндөй эле жыйынтык болгонун айтышууда. Януковичтин кичи мекенинде ушундай эле кырдаалда шайлоо болмок деген божомолдор болгон.

- Рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG