Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Акыйкатчы институтуна доомат көп


“Ак жол” фракциясынын депутаты А. Сабиров Акыйкатчыны адам укуктарынын бузулушун азайтуунун ордуна, ага байланыштуу келип түшкөн арыздарга кат аркылуу жооп берүү менен отурганын айтып сындап кетти. Депутат ошондой эле парламент кабыл алган айрым мыйзамдарды Акыйкатчы сынга алып, четке кагып келе жатканын да туура эмес көрдү. Ал эми депутат Г. Дербишева Акыйкатчынын отчетуна канааттангандыгын билдирип, адам укугун коргоо институтуна кайрылган каттардын 30% жооп берилгенин кубаттоого алды.
Турсунбек Акундун айтуусунда көпчүлүк адам укугу бузулган учурлар Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин кайра иликтөөгө алынып, аягына чыгып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG