Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

АКШ президентинин өкүлү кыргыз президенти менен жолугушту


Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү Турат Макенбаев билдирди. Ал Ричард Холбрук менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусунда кандай маселелер көтөрүлгөнүн ачыктаган жок. Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү жана АКШ боюнча департаментинин директорунун орун басары Кайнарбек Токтомушев “Азаттыкка” Р. Холбрук жолугушууда аймактагы коопсуздукту жана Ооганстандагы абалды талкуулашы ыктымал экенин билдирген болчу. АКШ президентинин өкүлү бүгүн эле башка мамлекетке сапарын улантаары маалымдалып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG