Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Ооганстандын Маржа шаарындагы уруш - узак өнөктүктүн башталышы


Өлкөнүн түштүгүндөгү Маржа шаарында жүрүп жаткан урушка көпкө созулуучу өнөктүктүн башталышы деген мүнөздөмөнү АКШнын Ооганстан менен Ирактагы аскерий аракеттерге көзөмөл салган Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус берди. Ал ABC телеканалындагы интервьюсунда белгилегендей, АКШнын Ооганстанда козголоңчулар менен күрөшүү боюнча кайра каралган стратегиясынын алкагындагы өнөктүк 12 айдан, 18 айга чейин созулуусу мүмкүн. Түштүктөгү Гильменд провинциясынын Маржа шаарын өз таяныч бекетине айлантып алган согушкерлерге каршы чабуул - Талибан режими бийликтен кулатылган 2001-жылдан берки эң масштабдуу операция. Ал башталгандан тарта НАТОнун күчтөрү 12 жоокерин жоготсо, Талибандын чыгымы 50дөн ашканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG